Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

10.07.2023, 09:16

Кыргызстандын Триатлон федерациясы Бишкек шаарынын мэриясына №69 мектеп-гимназиясынын бассейнин оңдоого жардам берет. Тараптар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу аталган федерациядан билдиришти.

Оңдоо иштери жакынкы күндөрү башталмакчы, төмөнкү иштер аткарылат:

  • суу менен камсыздоо жана чыпкалоо системасын, душтарды, кийим чечүүчү бөлмөлөрдү, машыктыруучу, административдик жана техникалык жайларды оңдоо жана модернизациялоо;
  • мектептин спорт залын жана жеңил атлетика трассасын заманбап резина каптоо менен оңдоо.

“Оңдоо мөөнөтү 5 айдан 7 айга чейин жүрөт. Федерация жана өнөктөштөр тарабынан тартылган инвестициянын көлөмү 30 млн сомдон ашат”, - деп айтылат маалыматта.


Читать похожее