Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

05.06.2023, 08:41

Бишкек шаарындагы №9 үй-бүлөлүк медицина борбору 5 млн. 582 миң 366 сомго сомго оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, тендерге арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 19-июнь. Ал эми имарат ушул жылдын 30-сентябрына чейин бүткөрүлүшү керек.

Талапка ылайык, арыз берген тараптын 2021-2022-жылга мамлекетке салыктык карызы болбошу шарт.

Ошондой эле, 2021-2022-жылдарга карата башкы подрядчы катары аткарган жумуштары жөнүндө маалыматты так көрсөтүү менен объектти, иштин башталган күнүн, курулуштун кайсы баскычта экенин же пайдаланууга берилгенин көрсөтүшү керек.


Читать похожее