Опубликовано
28.04.2022, 07:23Бишкек шаарындагы таштанды төгүүчү жайды жөнгө салуу үчүн бөлүнгөн каражат боюнча аудит жүрүп жатат. Бул тууралуу 28-апрелде Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ал бөлүнгөн 22 млн евронун учурда теңи калганын жана калган 11 млн евро каякка кеткендиги боюнча тактоо жүргүзүүдө. Ошондой эле каражаттын калган жарымы кайда жумшалганын териштирип-иликтөө үчүн Эсептөө палатасы да алек болууда.
“Жарандар бул заводду көптөн бери күтүп жатышат. Андыктан таштандыны өрттөп же сорттоочу завод куруш керек. Мына ошондуктан калган 11 млн еврого жок дегенде таштанды сорттоочу линия ачышыбыз керек”,- деди Абдыкадыров.
Ал ошондой эле ушул жумада мэрия немис компаниясы менен таштандыларды өрттөө же кайра иштетүүчү завод куруу боюнча меморандум түзүү пландалып жатканын айтты
Белгилей кетсек, 2017-жылы Бишкектеги таштанды таштоочу жайды жок кылуу үчүн 22 млн евро бөлүнгөн. Каражаттын бир бөлүгүнө таштандыны кайра иштеп чыгуучу завод куруу пландаса, жарымы таштандыны рекультивациялоого кетмек.