Опубликовано
09.11.2023, 10:25Бишкектен Кытайдын Чэнду шаарына түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу "Манас" аба майданынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттам ушул жылдын 12-декабрынан тарта аткарыла баштайт.
Чэнду шаарына самолет жумасына эки жолу - шейшемби жана ишемби күндөрү 30-мартка чейин каттайт.