
Опубликовано
27.04.2023, 08:00Бишкек-Раззаков аба каттамына билеттердин баасы 6 миң сомго көтөрүлдү. Бул тууралуу депутат Камила Талиева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мындай баалар аймактагы калк үчүн жеңил эмес.
“Раззаков менен Бишкектин жолу 800 чакырымдан ашат. Авиа билеттердин баасы 5,3 миң сомдон 6 миң сомго көтөрүлдү. Жыл сайын жарандардын нааразычылыгы күч алууда. Чек ара аймагынын тургундары жолго мынча акчаны кайдан алышат?”, - деди депутат.



