Опубликовано
11.04.2022, 06:31Мамлекеттик салык кызматы Бишкектен лицензиясыз 10 миң бөтөлкө алкоголду тартып алды. Бул тууралуу ведомстрвонун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарында салык контролунун жүрүшүндө сактоого жана сатууга уруксат берүүчү документтери (лицензиясы) жок алкоголдук продукция сакталган кампаны аныкташты.
“3,9 млн сомго 10 миң бөтөлкө арак тартып алынды”,- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Салык кызматы ишкерге карата өлкө мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөрүн белгилейт.