Опубликовано
11.10.2023, 08:1311-13-октябрь күндөрү Бишкектин айрым көчөлөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу газ берилбейт. Бул тууралууу “Бишкекгаз” шаардык газ кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Красный Строитель”, Сары-Челек көчөсү –Ала-Арча дарыясы – Айланма жолу – Киргизская көчөсү – Логвиненко көчөсү – Курманалиев көчөсү – Зеленая көчөсү – Новая көчөсү – Колхозная көчөсү – Заводской тар көчөсү менен чектелген аймакта, ошондой эле Элебесов көчөсүндө, Аул, Новосельская көчөлөрү жана кичи Чүй каналы менен чектелген аймакта газ убактылуу өчүрүлөт.