Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    23.10.2023, 11:41

    Бишкектин бир катар райондорунда 5 күн газ болбойт. Бул тууралуу “Бишкекгаз” кызматы билдирди.

    Белгиленгендей, 23-октябрдан 27-октябрга чейин жаңы орто басымдагы газ түтүгүнө кошууда пландуу оңдоо иштери жүргүзүлөт.

    Буга байланыштуу Анкара, 7-апрель, Путепроводная, Валиханова көчөлөрү менен чектелген аймактарда, ошондой эле “Кара-Жыгач” жана “Төкөлдөш” конуштарында жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.

    “Газды өчүрүүнүн негизги себеби газ бөлүштүрүүчү тармактарды алдыдагы күз-кыш мезгилинде коопсуз жана туруктуу иштөөгө даярдоо”, - деп айтылат маалыматта.


    Читать похожее