akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: www

    Опубликовано

    10.02.2022, 11:24

    Бишкек шаарынын 2022-жылга карата киреше жана чыгаша бюджети 11 млрд 690 млн 16,7 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин “Бишкек шаарынын 2022-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2023-2024-жылдарга божомолдоо жөнүндө” токтомунда айтылат.

    Документте аталган каражаттын ичинен төмөнкүлөр белгиленген:

    - Шаардык бюджет – 6 млрд 328 млн 802,4 миң сом;

    - Ленин районунун бюджети – 1 млрд 409 млн 881,3 миң сом;

    - Октябрь райондук бюджети – 1 млрд 343 млн 447,7 миң сом;

    - Биринчи май райондук бюджети – 1 млрд 263 миң 854,2 миң сом;

    - Свердлов райондук бюджети – 1 млрд 344 млн 31,1 миң сом.

    Белгилей кетсек, 2023-жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча болжол менен - 11 970 154,7 миң сомду, 2024-жылга- 12 172 106,7 миң сомду түзөт.


    Читать похожее

    • 10.02.2022, 05:24:30