
Опубликовано
15.04.2024, 08:55Мыйзамсыз курулган коммерциялык объектилерди калкалаганы үчүн кармалган Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов тергөө абагына киргизилди. Биринчи май райондук сотунан билдиришкендей, ал 11-майга чейин камакта болот.
Буга чейин УКМКдан билдиришкендей, атайын кызмат тарабынан муниципалдык органдардын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык механизмдерди демонтаждоо боюнча жүргүзүлүп жаткан комплекстүү иштердин жүрүшүндө Бишкектин вице-мэри тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.