Akchabarsearch
    Источник фото: WWW

    Опубликовано

    17.04.2023, 11:40

    Кыргызстанда алдыңкы 3 жыл, тагыраагы 2026-жылга чейин бизнести өнүктүрүү программасы тартууланды. Аны Кыргызстандагы Америка соода палатасы менен Экономика жана коммерция министрлиги чогуу уюштурду.

    Маалыматка ылайык, жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, бизнес-ассоциациялар, жеке ишкерлер жана эксперттер катышты.

    “Бул программа ишкер чөйрөнү өнүктүрүү жана инвестициялык климатты түзүүгө багытталат. Анда экономикага сырттан таасир этчү факторлорго каршы антикризистик чаралар, экономикалык өнүгүүнү камсыз кылган системалык чаралар камтылган”, - деп айтылат маалыматта.

    Программада салык жеңилдиктерин берүү, айрым процедураларды жөнөкөйлөштүрүү жана белгилүү бир тармактарды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүп берүү каралган.


    Читать похожее