Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

16.05.2024, 05:10

Боом капчыгайында кооптуу таштарды атайылап түшүрүү иштери уланат.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, жумуштар аба ырайынын шарттарын эске албаганда 20-майдан 24-майга чейин жүргүзүлөт. Мындан улам, эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин жол жарым-жартылай тосулуп турат.

Белгиленгендей, таш түшүрүү иштери Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.