Akchabarsearch

Опубликовано

19.06.2019, 04:56

Британиянын мурдагы элчиси Робин Орд Смит Кыргызстанда бизнес-омбудсмен болуп шайланды. Бул тууралуу «Акчабарга» өздүк булактардан маалым болду. Азырынча расмий маалымат бериле элек.

Байкоочу Кеңеш Робин Орд Смитти тандашкан.

Ал эми бизнес-омбудсменин түзүү үчүн ( направят ) €1.5 млн каражат коротулат. Акчаны Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы бермекчи.

Бизнес-омбудсмен кызыматына кызыктандар көп болуп, 100 адам арыз беришкен. Бирок, биринчи эле баскычтта 85 талапкерди четтетүү болуп, экинчи айлампада болгону 5 талапкер калган.

Кыргызстанда биринчи жолу бизнес-омбудсменин тандоо болду. Акчабар» финансы порталы шайлоонун алдында талапкерлердин тизмесин жарыялаганбыз. Алтургай он-лайн добуш берүү уюштуруп, анда Британиялык элчи Робин Орд Смит көп добуш албай аут-сайдер болгон.

Эскерте кетели, бизнес-омбудсменди тандоого үч тарап, Талапкерлерди жамааттык тандоо аркылуу аныкташат. Кыргыз өкмөтү, ЕРӨБ менен өлкөнүн бизнес-ассоциациясынан турган беш бештен он беш адамдан турган коммисия.

НУРЛАН МУСУРАЛИЕВ

КР соода өнөр жай палатасынын вице-президенти

АКТИЛЕК ТҮНГАТАРОВ

Ишкерлер кеңешинин экс-директору, «Күмтөр Голд Компаниясынын» туркутуу өнүгүү боюнча мурдагы жетекчиси.

СЕРГЕЙ ПОНОМАРЕВ

Рыноктор, соода жана кызмат көрсөтүү ассоциациясынын директору, Улуттук ишкерлер кеңешинин жетекчиси.

НУРСУЛУУ АХМЕТОВА

Мурдагы президенттин аппаратынын финансы-экономика бөлумүнүн экс-жетекчиси.

РОБИН ОРД СМИТ

КР Британиянын мурдагы элчиси.


Читать похожее