Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

06.10.2020, 08:35

Бүгүн, 6-октябрда БШК парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча маселени карайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

«Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарыла элек. Бүгүн саат 10:30да жыйын өтүш керек болчу. Бирок, кворумдун жоктугунан али өткөрүлө элек. Эгер ал орун алса, анда отурумдун жүрүшү БШКнын You-Tube каналынан көрсөтүлөт », - деп билдиришти БШКдан.

Кече Ала-Тоо аянтына чогулган миңдеген кыргызстандыктар 4-октябрдагы парламенттик шайлоону жараксыз деп табуу талабын коюшкан.


Читать похожее

  • 06.10.2020, 02:35:08