Опубликовано
17.07.2024, 10:262024-жылдын январынан бүгүнкү күнгө чейин республикалык бюджетке букмекердик кеңселерге лицензияларды жана казинолорду иштетүүгө лицензияларды кароого жана берүүгө 43,26 млн сом суммасында каражат түшкөн. Бул тууралуу Финкөзөмөлдүн баяндамасында айтылат.
2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында лицензияларды, уруксаттарды, квалификациялык күбөлүктөрдү берүү жана баалуу кагаздардын эмиссиясын каттоо боюнча өлкө бюджетине салыктык эмес кирешелер 45 млн 561 миң 200 сомду түздү.