Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

18.07.2024, 03:27

Ош бажысында контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бажы мыйзамдарынын бузулушу аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

2024-жылдын 11-июлунда КР жаранынын башкаруусундагы “Mercedes Benz Sprinter 211” үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда жүк салонунан Өзбекстандан алынып келинген 3 миң 240 даана роза гүлү табылган. Товарлардын жөнөтүү бажы документтери болгон эмес.

Иштин бардык жагдайлары такталганга чейин унаа кармалып,"БИ МИ" УСКга убактылуу сактоочу жайга сактоого өткөрүлүп берилди.

Соода-өнөр жай палатасынын корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 156 миң 600 сомду түздү.

Аталган факты боюнча материалдар Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.


Читать похожее

  • 17.07.2024, 21:27:01
  • 16.05.2024, 01:51:48
  • 30.04.2024, 03:44:40
  • 08.04.2024, 22:23:14