Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

10.06.2024, 06:45

Бүгүн Свердлов, Ноокат жана Ысык-Көл бир мандаттуу округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого үгүт иштери башталды.

Боршайкомдон билдиришкендей, агитация 29-июнда эртең мененки саат 8де аяктайт.

Жалпысынан 29 талапкер катталган. Парламент депутаттарын шайлоо 30-июнда өтөт.

Эске салсак, алар мандатын ар кандай себептер менен тапшырган эл өкүлдөрүнүн ордуна келет.


Читать похожее

  • 10.06.2024, 00:45:34