Опубликовано
02.04.2021, 07:25Баткен облусундагы Чек ара кызматы мамлекеттик чек ара аркылуу жалпы суммасы 2,9 миллион сомдон ашык аткезчилик жүк ташууну токтотту. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде 2021-жылдын 1-апрелинде Кара-Бак айылына жакын жерде чек арачы 1982-жылы туулган Кыргызстандын жараны А.К.нын башкаруусундагы Хундай-Портер автоунаасын кармашкан. Айдоочу 1 тонна дизель майын Тажикстандын аймагына мыйзамсыз ташып бараткан.
[news 33442]
Ошол эле күнү Кадамжай районунун Шар-Шара аймагындагы кыргыз-өзбек тилкесинде чек арачылар тарабынан контрабандалык жүктү алып өтүүгө аракет кылган 1982-жылы туулган жараны Т.А.ны кармашкан. Ал Кыргызстандан Өзбекстанга жалпы наркы 400 миң сомду түзгөн товарды алып өтүүгө аракет кылган.
2-апрелге караган түнү, Жанычек Кадамжай районунун аймагында Кыргызстандын жарандары М.О. жана А. Б., аткезчилик жол менен наркы 2.5 млн сомду түзгөн 20 куту «Orbit» резина сагызын, 13 мүшөк керектөөчү кийим 60 литр жер семирткичтерди Өзбекстанга алып өтүүнү пландашкан.
Тиешелүү документтер каттоодон өткөрүлүп, кармалгандар жана аткезчилик жүк кошумча иликтөө үчүн тиешелүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.