Опубликовано
27.11.2023, 08:45Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери УКМКнын Чек ара кызматы менен биргеликте “Кызыл китепке” кирген “Арнебия” өсүмдүгүнүн тамырын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин алдын алышты.
Маалыматка ылайык, “Ак-Жол-авто жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунда Казакстанга бара жаткан унаа токтотулган. Жыйынтыгында жоголуп бара жаткан өсүмдүктөр категориясына кирген жана “Кызыл китепке” кирген “Арнебия” тамырына окшош жалпы салмагы 825 килограмм болгон 55 кутуча өсүмдүк тамыры табылган.
Жүктүн товардык-транспорттук документтери жок экени аныкталган. Кырдаалдар такталганга чейин унаа айып жайга киргизилип, материалдар мыйзам чегинде чара көрүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.