Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

09.04.2024, 08:45

Министрлер кабинети кайрадан жарандарды контролдук-кассалык чектерди талап кылууга үндөө боюнча акция өткөрөт. Бул тууралуу "Токтом" маалыматтык-укуктук порталына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, бул ирет жеңүүчүлөр өз убагында алып кетпегендиктен жокко чыгарылган байгелер ойнотулат. Ошондой эле, "Чек талап кылып – байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын жыйынтыгында жокко чыгарылган утуштар ойнотулат.

"Буга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматына аталган акцияны өткөрүүнүн тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү талабы коюлду", - деп айтылат маалыматта.


Читать похожее