
Опубликовано
17.07.2023, 10:51Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанга келген чет элдиктерди каттоодо жана Кыргызстандын жарандыгын алууда мамлекеттик алымдардын суммасын жогорулатууну сунуштоодо. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Маалыматка ылайык, бул иш-аракет республикалык бюджетти толтуруу максатында жүргүзүлүүдө.
Мамлекеттик алымдардын өлчөмдөрүн төмөндөгүдөй белгилөө сунушталууда:
Белгилеп кетсек, 1998-жылдан бери мамлекеттик алымдардын өлчөмү өзгөргөн эмес. Бул убакыт аралыгында мамлекеттик кызматкерлердин маянасы, кеңсе буюмдарына, күйүүчү майга, коммуналдык кызматтарга, интернет тарифтерине жана имаратты ижарага алуу баасы бир топ жогорулады.
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы учурдагы тарифтерге ылайык мамлекеттик алымдарды төлөөдөн түшкөн каражаттын көлөмү 73 млн 466 миң 50 сомду түзгөн. Сунушталган токтом долбоору кабыл алынса, бул көрсөткүч 786 млн 745 миң 700 сомго чейин өсүшү мүмкүн.



