Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    05.07.2023, 04:45

    Бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы УКМКнын 6-башкы башкармалыгы менен биргеликте бажылык укук бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

    Маалыматка ылайык, 2022-жылы Түркиядан “П.С.С.И.Т” ЖЧКсынын дарегине “PD 500” маркасындагы 6 бургулоочу машиналар келген жана алар “Убактылуу ташып келүү” жол-жобосу боюнча бажы шарттарында таризделгени аныкталган.

    “Бирок кийинчерээк “Убактылуу ташып келүү” жол-жобосунда каралган мөөнөттөр бузулуп, натыйжада Кыргызстандын бюджетине туумдарды кошпогондо 4 503 340 сом зыян келтирилген”, - деп айтылат маалыматта.

    Аталган мыйзам бузуу фактысы боюнча материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.


    Читать похожее