Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

04.10.2020, 11:15

Бүгүнкү парламенттик шайлоодо саат 16:00гө карата чет өлкөлөрдө 5 миң 283 кыргызстандык добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

[news 28622]

Анын айтымында, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Южно-Сахалинсктеги кеңсеси жана Владивосток шаарындагы кеңсесиндеги шайлоо тилкелери жабылды. Южно-Сахалинскте шайлоо бүгүн 03:00дө башталып, 15:00дө жана Владивостоктогу шайлоо тилкеси 04:00дө ачылып, 16:00дө жабылган.

«Чет мамлекеттердеги шайлоочулардын тизмесине 32 миң 602 жаран киргизилген. Алардын ичинен 5 миң 283 (16,2%) жаран добуш берди», - деди ал.

Эскерте кетсек, парламенттик шайлоого карата чет жерде 45 шайлоо тилкеси даярдалган.


Читать похожее

  • 19.08.2024, 00:55:33
  • 30.11.2023, 00:30:16
  • 04.10.2020, 05:15:41