Опубликовано
16.05.2024, 11:30Кант шаарында Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ҮДТнын курулушу TIKA тарабынан 115 миң долларга каржыланды.
Ошондой эле анын айланасын тосуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине жергиликтүү бюджеттен 1,5 млн сом бөлүнүп, тез жардам унаасы да сатылып алынды.
Жалпы аянты 250 м2 болгон эки кабаттуу имаратта 9 дарыгерлер бөлмөсү, 2 медайымдык жана 1 карантин бөлмөсү, ашкана жана кампа бар.