Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

22.01.2024, 05:30

Чүй районунун Чүй айылында 13 бөлмөлүү административдик имарат пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Белгиленгендей, аталган имарат 1981-жылы курулуп, мурун Айыл чарба министрлигинин карамагында болгон. 2022-жылы Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын балансына өткөрүп берилип, 2023-жылдын апрель айында республикалык бюджеттен капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 7 млн сом каражат бөлүнгөн.

Аталган имаратта райондук агрардык өнүктүрүү жана салык кызматынын райондук башкармалыктары жайгашмакчы.


Читать похожее

  • 10.04.2024, 23:07:47
  • 21.01.2024, 23:30:46
  • 19.03.2021, 05:15:11
  • 22.01.2021, 05:30:28