
Опубликовано
18.07.2024, 11:33Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн Чүй мектеп-интернатына барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Билим берүү мекемесинде 200гө жакын бала билим алат.
Эдил Байсалов мектеп-интернаттын тарбиялануучуларынын жашоо шарты жана мекемедеги оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Билим берүү мекемесинин аймагында кичи-футбол аянтчасы курулуп жатат, белгилеп кетсек, буга чейин президент тарабынан 1 млн сом бөлүнгөн.
Мындан тышкары, мектеп-интернатынын тарбиялануучулары үчүн демөөрчүлөрдүн жардамы менен мектептин айланасында 18 батирлүү турак-жай курулууда. Учурда шыбак иштери башталды.