Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    21.05.2024, 03:43

    Кант шаардык мэриясынын балансында турган 11,2 га полигондо ишке ашырыла турган “Сары-Озон” экотехнопаркы” долбоорунун негизинде келечекте RDF-күйүүчү май чыгаруучу завод курулат. Бул тууралуу шаардык муниципалитет билдирди.

    Завод 100 адамды жумуш менен камсыз кылары пландалууда.

    Белгиленгендей, “Калдыктарды сорттоо пунктун түзүү жана андан кийин экинчи зат катары пайдалануу менен катуу тиричилик калдыктарынын пайдалуу функцияларын бөлүп алуу, ошондой эле жерлерди тегиздөө жана рекультивациялоо үчүн таштандыларды автоматтык сорттоо линиясын ишке киргизүү жөнүндө” Меморандумга кол коюлду.

    "Кант шаарынын мэриясы жана “Таза Био Сервис” ЖЧКсы, буга чейин биринчи этапта 10 млн сом инвестиция тарткан. Келечекте долбоорду толук ишке ашыруу үчүн кошумча 90 млн сом тартылып, инвестициянын жалпы көлөмү 100 млн сомду түзөт", - деп айтылат маалыматта.


    Читать похожее

    • 01.08.2024, 02:34:25
    • 08.07.2024, 23:25:30
    • 27.06.2024, 23:00:49
    • 29.05.2024, 23:54:48