Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    01.08.2023, 07:13

    Кыргызстанда “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВ электр берүү чубалгысы жана “Датка” 500 кВ көмөк чордонун куруу иштери уланууда. Бул тууралуу "Улуттук электр тармактары" ишканасынан билдиришти.

    Ага ылайык, учурда 1243 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу (100%), тирөөчтүн чуңкурларын казуу (100%), тирөөчтөрдү арматуралоо жана бетондоо (100%) иштери аяктады. Учурда тирөөчтөрдү орнотуу иштери жүрүп жатат, 1236 тирөөч (99%) орнотулду жана 265,78 чакырым (58%) зымдар тартылды.

    “Датка” көмөкчордонунда негизги курулуш-монтаждоо иштери ийгиликтүү аяктады. Тактап айтканда, нейтралдуу, май куюучу жана өрт тосмолуу комплектиси менен 500 кВ шунттоочу реактор аксессуарлары, 3 комплектиден турган 500 кВ автоматтык өчүргүчтөр, 500 кВ ток трансформаторлорунан 3 комплекти, 500 кВ 6 даана чагылгандан коргогучтар жана башка жабдуулар орнотулду, жалпы узундугу 475 метрден ашык кабелдер тартылды", - деп айтылат маалыматта.

    Белгилеп кетсек, CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын - Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталган жана эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.


    Читать похожее