Опубликовано
13.12.2019, 04:06Үстүбүздөгү жылдын декабрь айына бекитилген республикалык бюджеттин кассалык планы боюнча жалпы ресурстар 15 миллион 75 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы чыгашалар 12 миллион 629 миң 600 сомду түзмөкчү.
«1-декабрга карата мурунку мезгилдин кассалык планынан калдык 5 миллион 509 миң сомду түздү. Ушул тапта жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттары бюджеттик мекемелердин жеке эсептеринде турат», — деп айтылат маалыматта.