Опубликовано
29.10.2019, 07:13Балыкчы-Корумду жолунун улантуу иштери 2020-жылга калды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында билдиришти. Маалыматка ылайык, 2019-жылы пландалган иштердин баары бүткөрүлгөн, улантуу иштери 2020-жылы жүргүзүлөт.
Депутат Данияр Аттокуров (КСДП) бул жол 5 жылдан бери салынып, бүтпөй жаткандыгына нааразычылыгын билдирди.
Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жолду каржылоо республикалык бюджеттен жүргүзүлүп жаткандыктан, курулуш иштери созулуп жаткандыгын айтты.
Депутаттын айтымында, ушул убакыт аралыгында инвестор таап, объектини бүтүрсө болмок.
Бул учурда «КР 2020-жылдагы республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдардаг болжолдуу бюджет» мыйзам долбоору каралып жаткан.