Опубликовано
27.09.2023, 04:45Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова депозитке салык салуу зарыл деп эсептейт.
Анын айтымында, банкка акча салып, депозиттин суммасынан 15-16% пайда алган адамдар мамлекетке эч нерсе төлөбөй жатканы таң калыштуу.
Депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев банктар депозиттер боюнча салыктын суммасынын 0,2% өлчөмүндө аларын түшүндүрдү.
Эгер акчасын депозитке салгандарга салык төлөө милдеттендирилсе, депозитке акчасын салгандар кескин азаят.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, банк секторунун кардарларынын жалпы депозиттик базасы 399 млрд сомду түзөт.