
Опубликовано
26.07.2023, 03:50Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова 9-августка чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн келтирген өтүнүчү менен Биринчи Май райондук соту 24-июлда ушул жылдын 9-августуна чейин Динара Кутманованы УКМКнын СИЗОсуна камакка алган.
Эскерте кетсек, 25-июлда Динара Кутманова жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп турган учурдагы бир катар коррупциялык иштерге шектелип кармалган.



