Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    28.02.2022, 05:39

    Дүйнөлүк банк Ош шаарына туризм тармагын өнүктүрүү үчүн 6 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

    Дүйнөлүк банктын Ош облусунда жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун Байкоочу кеңешинин отуруму өткөрүлүп, Ош шаарында төмөндөгү долбоорлорду ишке ашырууга макулдук берилди:

    • С.Ибраимов атындагы Улуттук драма театрынын айланасындагы муниципалдык жерлерге туристтик – архитектуралык инсталляцияларды куруу;
    • Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу паркындагы жайкы театрды оңдоп-түзөө;
    • Алишер Навои атындагы эс алуу паркынын бир бөлүгүнө эс алуучу аймак (зона) куруу;
    • Ош шаарынын борбордук аянтын реконструкциялоо;
    • Ош шаарынын Ак-Буура дарыясынын эки жээгин бекемдөө, санитардык тазалоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү үчүн долбоорлоо жана куруу.

    “Жалпы туризм тармагын өнүктүрүүгө Ош шаарына каралган акча каражаты 6 млн АКШ долларын түзөт. Долбоорлор Кыргызстандын коомчулукту өнүктүрүү агенттиги (АРИС) аркылуу ишке ашырылат,- деп айтылат маалыматта.

    Белгилей кетсек, “Региондук экономикалык өнүгүү” долбоорунун максаты болуп Дүйнөлүк банк тарабынан КР өкмөтүнө туризм жана айыл чарба чөйрөсүндө максатка багытталган иш чаралар аркылуу экономикалык жана региондук өнүктүрүүнү күчөтүүдө жана Ош облусунун, Ош шаарынын институционалдык потенциалын көтөрүүдө колдоо көрсөтүү болуп саналат. Бул долбоор аркылуу иш орундарын түзүүгө, жакырчылыкты кыскартууга шарт түзүп, айыл чарба продукцясынын кошумча нарк тутумун түзүү жана өнүктүрүү жана туризмди өнүктүрүүгө көмөктөшүп Ош облусунда жана Ош шаарында комплекстүү негизде экономикалык жана региондук өнүгүү колдоого алынат.


    Читать похожее