Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    09.06.2023, 09:15

    Дүйнөлүк банк Отуз-Адыр каналын оңдоп-түзөөгө 30 млн. доллар бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев Биринчи радионун “Эл өкүлү” уктуруусунда билдирди.

    Маалыматка ылайык, Оштогу Отуз-Адыр каналы учурда толук оңдоо иштерине муктаж. Ирригациялык система Кара-Суу районундагы 16 айыл өкмөттүн 8 айыл өкмөтүн тейлейт.

    “Бир мезгилдерде аталган каналга 30 кубометр суу сыйып келген болсо, азыр болгону 15 кубометр гана суу араң батат. 2022-жылы Дүйнөлүк банк менен биргелешкен келишимге ылайык, ратификацияланган мыйзамдын негизинде 30 млн. доллар бөлүнүүдө. Ал каражатка 2026-жылга чейин Отуз-Адыр каналын цементтөө жумуштары аткарылат”, - деди депутат.

    Алишер Козуевдин айтымында, бул дыйкандарды көйгөйдөн арылтып, суунун коромжуга учурашына жол бербейт.

    Эскерте кетсек, каналдын курулушу 1945-жылы башталып, 1949-жылы аяктаган. Анын узундугу 52 чакырымды түзөт, айрым бөлүктөрү жергиликтүү элдин демилгеси менен ашар аркылуу бүткөрүлгөн.


    Читать похожее