Akchabarsearch
Источник фото: Саламаттык сактоо министрлиги

Опубликовано

19.08.2020, 06:30

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанга 100 кычкылтек концентраторун берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

[news 27187]

Министрликтен билдиришкендей, көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы 59 миң долларды түзөт.

«Кычкылтек концентраторлору респиратордук жугуштуу ооруларды дарылоодо чоң мааниге ээ. Концентраторлор канында кычкылтектин деңгээли нормадан төмөн түшүп кеткен COVID-19 илдети менен ооруган оор абалдагы бейтаптарды таза, жогорку сапаттагы жана тиешелүү концентрациядагы кычкылтек менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Аталган каражаттар КР өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча COVID-19 илдетине каршы иш-аракеттерди колдоо максатында берилди. Саламаттык сактоо министрлиги кычкылтек концентраторлорун өлкөдөгү ооруканаларга бөлүштүрүүнү пландаштырууда», - деп билдирет министрлик.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанга жеке коргонуучу каражаттарды, ПЧР-тест үчүн топтомдорду, лабораториялык чыгымдык материалдарды берген.


Читать похожее

  • 19.08.2020, 00:30:45
  • 11.07.2020, 04:30:01