
Опубликовано
28.09.2023, 11:26Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти Дордой базарынын аймагындагы коомдук транспортко рейд жүргүздү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Текшерүү учурунда №226, №234, №252 жана №230 каттамдар коомдук транспорттун бекитилген шаардык тарифин өзүм билемдик менен жогорулаткан.
Кошумчалай кетсек, аталган каттамдарды тейлөө боюнча келишим “ДордойТранс” жана “ТрансКомЮнити” компаниялары менен бузулуп, эми бул каттамдарды Транспорт департаментине караштуу “БЭК” МИ өзүнүн кыймылдуу курамы менен тейлейт.
Ошондой эле, жүк ташуучу компанияларга мыйзам бузуулар кайталанган учурда катаал чаралар көрүлүп, анын ичинде ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча эскертүүлөр берилди.



