Опубликовано
29.07.2020, 03:302020-жылдын июнь айында былтыркы жылга салыштырмалуу Евразия экономикалык биримдиги боюнча өнөр жай продукцияларынын өндүрүүчүлөрүнүн баалары 8.3 пайызга төмөндөгөн. Бул тууралуу ЕЭК билдириет.
[news 26529]
Төмөндөө Казакстанда баалар 20.2 ал эми Орусияда 8.3 пайызга азайгандыгы менен шартталган. Июнь айына карата өнөр жай продукциясынын өндүрүүчүлөрүнүн баасынын Кыргызстандагы гана индексинин төмөндөөсү 3.3 пайызды көрсөткөн.
Баалардын төмөндөөсүнө эң көп таасирин тоо-кен тармагы тийгизген, ал Казакстанда 37.9 пайызга, Орусияда 28.1 пайызга, Арменияда 4.3 пайызга азайган. Ал эми Кыргызстан менен Беларуста тескеринче өсүү байкалып, ал 15.5 жана 5 пайызды түзгөн.