Опубликовано
03.08.2023, 04:16Быйыл алты айда бюджетке Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдөн 11,3 млрд сом импорттук бажы алымдары түшкөн. Буга Кыргызстандын Каржы министрлигинин бюджеттин аткарылышы боюнча маалыматы далил.
Белгиленгендей, былтыр бул көрсөткүч 7,5 млрд сомду түзгөн. Бул быйылкы жылы төлөмдөр 1,5 эсеге өстү дегенди билдирет.
Эске салсак, Кыргызстан биримдикте чогултулган бажы төлөмдөрүнүн жалпы суммасынын 1,9%ын алат.