Akchabarsearch

    Опубликовано

    16.04.2022, 03:41

    Үстүбүздөгү жылдын мартында ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин ичинен эң жогорку инфляциянын деңгээли Орусияда белгиленди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

    Маалыматка ылайык, 2022-жылдын мартында мурунку айга салыштырмалуу ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин бардыгында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы белгиленди, муну менен бирге алардын (7,6%га) эң көп өсүүсү Орусияда катталды. Ал эми Арменияда 1,8%, Беларияда 6,1%, Казакстанда 3,7 жана Кыргызстанда 3,2%ды түздү.

    "2022-жылдын мартында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторундагы инфляциянын эң жогорку деңгээли (10,0 пайызы) Орусияда катталган, бул азык-түлүк эмес товарларга (12,9 пайызга) жана азык-түлүк товарларга (алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди эсепке алуу менен) - 5,8 пайызга жогорулашынын эсебинен катталды", - деп айтылат маалыматта.

    Ошол эле мезгилде, кызмат көрсөтүүлөргө болгон баалардын максималдуу өсүүсү - 8,9 пайызга Беларусияда катталды.


    Читать похожее