Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    09.04.2022, 04:48

    ЕАЭБ товарлардын топторуна бажы төлөмдөрүн төмөндөтүү жана импорттук жол-жоболорду жеңилдетет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

    Маалыматка ылайык, Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши тараптардын продукциянын тизмесин кеңейтүү боюнча сунушун жактырды.

    Эскерте кетсек, ЕЭК Кеңешинин 17-марттагы №37 чечимине ылайык, 30-сентябрда чейин тизмеге кирген продукция бажы төлөмдөрүнүн нөлдүк ставкасы менен ташылып келет.

    "Жаңы тизме маанилүү импорттун кеңири спектрин камтыйт, атап айтканда, тамак-аш азыктары жана аларды өндүрүү үчүн комплекттөөчү буюмдар, таңгактоочу материалдар, химиялык продукциялар, транспорт каражаттарын өндүрүү жана оңдоо үчүн тетиктер", - деп айтылат маалыматта.


    Читать похожее