akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    17.06.2024, 04:03

    Евразиялык экономикалык биримдикте апрель айынын аягында 802,1 миң адам расмий түрдө жумушсуз деп таанылган. Бул жумушчу күчүнүн 0,9% түзөт. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.

    Жыл ичинде ЕАЭБ боюнча ишке орноштуруу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 14,5%га кыскарган.

    Ошол эле учурда ЕАЭБ өлкөлөрү боюнча жумушсуздардын бөлүштүрүлүшү бирдей эмес. Алсак, мисалы, жумушчу күчкө карата эң жогорку жумушсуздук Армения менен Казакстанда белгиленген, ал 3,3% түзөт. Андан тышкары, эгерде Арменияда бул көрсөткүч жыл ичинде 0,2 пайыздык пунктка азайса, Казакстанда, тескерисинче, 0,3 пайыздык пунктка өскөн.

    Кыргызстан жумушчу күчүндө жумушсуздардын саны боюнча 2,2% же 60,5 миң адам (жылына -0,6 пайыздык пункт) көрсөткүчү менен кийинки орунда турат. Ошол эле учурда Орусияда жана Белорусияда жумушсуздуктун деңгээли 1%дан ашпайт жана тиешелүүлүгүнө жараша 0,9% жана 0,5% түзөт.


    Читать похожее

    • 16.06.2024, 22:03:41
    • 04.03.2020, 22:45:52