Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

09.05.2024, 04:43

Орто эсеп менен Евразия экономикалык биримдигинде күйүүчү майдын баасы 8,9%га жогорулады (2023-жылдын мартынан 2024-жылдын мартына чейин). Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.

Күйүүчү майдын наркынын өсүшү Беларусиядан (-2.5%) башка ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдө көтөрүлгөн.

Белгилеп кетсек, эң жогору бензиндин баасы Арменияда 35,8%га өскөн.

“Андан кийин Кыргызстанда 18,5%, Казакстанда 13,6% жана Орусияда 8%га баалар көтөрүлгөн”.

2024-жылдын март айындагы бааларды 2023-жылдын декабрь айына салыштырсак, тескерисинче, бензиндин арзандашы боюнча Армения (-6,6%), Кыргызстан (-1,4%) жана Казакстан (-0,1%) лидер болуп саналат.

ЕАЭБде дизель майы да кымбаттаган (+9,8%) жана бул кымбаттоо бензиндин кымбатташына байланыштуу. Дизель майы эң көп Казакстанда 15,1%га, Орусияда 10,6%га жогорулаган.

Тескерисинче, Кыргызстанда дизель майынын баасы байкаларлык төмөндөгөн, атап айтканда ал -3,3%га арзандаган. Беларусияда да нарк 2,5%га төмөндөсө, Арменияда 2,1% гана өскөн.


Читать похожее