
Опубликовано
14.10.2020, 11:30Кыргызстандын ЕАЭБ менен товарайлануусу 2020-жылдын январь-август айларында 1.4 млрд $ түзгөн, анын ичинен экспорттун 30% - 98.5 млн доллары, 220 млн доллар импорт - Чүй облусуна тийиштүү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти.
[news 29042]
Ведомствонун маалыматына ылайык, экспорт боюнча Жалал-Абаддын ишкерлери экинчи орунда турат. Жалпысынан 84.6 млн доллар экспорт, 7.1 млн доллар импортту түзгөн. Андан кийинки орунда Бишкектеги экспорттоочулар турат. Алар ЕАЭБ менен 73.4 млн долларга соодалашышкан. Белгилей кетсек, сооданын башкы үлүшү - 76.5%, импорттун 745 млн доллары Бишкекке тиешелүү.
Бир дагы регионго тиешеси жок физикалык жактар, 58.4 млн долларга товар экспорттошкон.
Ал эми Нарын облусуна отчеттук мезгил ичинде жергиликтүү ишкерлер ЕАЭБге эч нерсе экспорттошкон эмес. Өткөн жылы бул сумма 88 миң долларды гана түзгөн. Импорт дагы 80% га кыскарып, 427 миң доллардан 84 миң долларга чейин төмөндөгөн.