Опубликовано
19.03.2022, 05:39Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы астында Россиянын Москва шаарында Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, жыйында 30га жакын маселе каралды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
ЕЭК Евразиялык Экономикалык Биримдикке мүчө мамлекеттердин экономикасынын ички туруктуулугун жогорулатуу, анын ичинде макроэкономикалык туруктуулукту, ошондой эле тышкы чакырыктарга туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун курамын бекитти.
Буга катар экономикалардын туруктуулугун жогорулатуу боюнча 4 багытка топтоштурулган чаралардын тизмеси макулдашылды.
Ошондой эле ЕЭК Кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынды:
Мындан тышкары, ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү дары-дармек каражаттарын жөнөкөйлөштүрүлгөн жана тездетилген каттоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү чечимин кабыл алышты.
Негизги инновациялар электрондук документ жүгүртүүгө жана дары-дармек каражаттарынын сапатын баалоодо аралыктан процедура жүргүзүүгө тиешелүү. Биримдиктин рыногуна дары-дармек каражаттарынын жөнөкөйлөштүрүлгөн жана тездетилген жеткиликтүүлүгү боюнча жол-жоболордун үч түрү киргизилди.
Бул фармацевтикалык компанияларга жеткирүү логистикасынын үзгүлтүккө учурашына байланышкан жоготууларды минималдаштырууга жана чыгымдарды каттоодон кийинки баскычка кайра бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет.
ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйыны үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде Россиянын Москва шаарында өтөт.