Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынган сүрөт

Опубликовано

26.07.2021, 09:00

Эгемендүүлүк күнүн утурлай Ош облусунун аймактарында сегиз мектеп жана төрт бала-бакчанын курулушу даяр болот. Бул тууралуу Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы билдирди.

Ошто 2016-жылдан тарта 20га жакын социалдык объекттердин курулушуна этабы менен мамлекеттен каражат бөлүнүп келет. Быйылкы жылы аймактагы курулуштарга 80 миллион сом бөлүнгөн.

Эгемендүүлүктүн быйылкы 30 жылдыгына карата республика боюнча мектеп, бала-бакча өңдүү 30 обьекттин курулушу бүтөт. Ал эми быйылкы жылы жалпысынан 174 обьект куруу каралган болсо, анын ичинен 91и капиталдык курулушка кирет.


Читать похожее

  • 07.10.2021, 02:30:47
  • 19.08.2021, 05:40:16
  • 26.07.2021, 03:00:07
  • 22.03.2021, 04:30:29