akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    29.12.2023, 04:18

    Кыргызстанда 1975 миңден ашуун адам “санариптик көчмөн” статусун алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

    Маалыматка ылайык, бул макамды алууга анимация, графикалык дизайн, мультимедиялык дизайн, программалоо, IT-продуктуларды иштеп чыгуу, робототехника жана жасалма интеллект тармактарында иш алып барган чет элдик адистер укуктуу.

    “Санариптик көчмөн” макамына арызды Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Россия Федерациясынын жарандары бере алышат.

    “Санариптик көчмөн” макамын алуучу 1 жылга иштөөгө уруксат алуудан, убактылуу жашаган жери боюнча каттоодон бошотулат, автоматтык түрдө ПИН-кодду алат, ошондой эле Юстиция министрлигинде жана Салык кызматында жөнөкөлөтүлгөн тартипте мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алат.