Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    03.11.2023, 09:25

    Эки жыл ичинде Кыргызстанда жумушсуздардын саны 7,7% кыскарды​. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова “Жакырчылык жана теңсиздик” аттуу улуттук өнүктүрүү форумунда билдирди.

    Форумдун максаты – улуттук прогрессти жана өнүгүү максаттарына жетүүдөгү чакырыктарды карап чыгуу, жакырчылыкты кыскартууга багытталган саясатты аныктоо жана аны кыскартуу жолдорун талкуулоо.

    “Акыркы эки жылда республикада жумушсуздардын саны 7,7%га, ал эми расмий жумушсуздук 0,3%га кыскарды. Ошону менен бирге калкты ишке орноштуруу жана кесипке багыт берүү жаатында аткарылган иштердин натыйжасында калкты иш менен камсыз кылуу көрсөткүчтөрү жакшырды. Эки жылдын ичинде иш менен камсыз кылуу кызматтары 60 миңден ашык адамды жумуш менен камсыз кылды”, - дейт Гүлнара Баатырова.

    Ошондой эле, министр калктын аярлуу катмарын колдоо жаатындагы иш-чараларды белгиледи.

    “Социалдык келишим” программасынын алкагында дээрлик 13 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жеке бизнесин ачып, бүгүнкү күндө туруктуу киреше менен гана чектелбестен, өздөрү да жумуш орундарын түзүшүүдө. Бул 70 миңден ашык адамдын турмушун жакшыртты”, - деп белгиледи Гүлнара Баатырова.


    Читать похожее