Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

08.08.2023, 10:32

“Accelerate Prosperity” инвестициялык башкаруу компаниясы айлана-чөйрөгө оң таасирин тийгизүүгө жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө көмөктөшүүгө умтулган ишкерлерге колдоо көрсөтүүчү “Go Green Acceleration” программасын ишке киргизүүдө. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

“Go Green Acceleration” программасы инновациялык стартаптарды, чакан жана орто ишканаларды колдоо аркылуу жашыл жана туруктуу технологиялар тармагында революция жасоого багытталган. Ага жашыл технологияларды өндүрүү менен алектенген жана жашыл кызматтарды сунуштаган компаниялар чакырылган.

Акселерация программасы катышуучуларга каржылоону жана финансылык өнөктөштөрдүн кеңири тармагына жетүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Жашыл акселерациянын катышуучулары өз долбоорлорун сунушташат жана алардын эң мыктылары 30 миң долларга чейин инвестиция алышат.


Читать похожее