
Опубликовано
14.06.2019, 08:13Президент Сооронбай Жээнбеков экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча ШКУнун Органын түзүүнү сунуштады. 14-июнда Бишкек шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кеңири курамдагы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

«Экономикалык кылмыштар, адатта, трансулуттук мүнөзгө ээ. Алар баңгизаттарды сатуу, аткезчилик, кылмыштык жол аркылуу табылган кирешелерди адалдоо менен тыгыз байланышкан.Алар мамлекеттердин коопсуздугуна коркунуч жаратууда.Кыргыз тарап экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча ШКУнун Органын түзүүнү сунуштоодо», – деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков



