Опубликовано
02.08.2024, 04:47Түштүк Кореянын Экспорттук-импорттук банкы Кыргызстандын тышкы карызын жашыл долбоорлорго алмашуу сунушуна жооп берди.
КРнын Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, кореялык банк тышкы карызды конвертациялоо боюнча программалары жок экенин билдирген. Анын ордуна Эксимбанк бул маселени Түштүк Корея мүчө болгон Париж клубу менен сүйлөшүп көрүүнү сунуштады.
Министрлик Кыргызстан кайрылган башка кредиторлор да Париж клубу менен кеңешүү зарылдыгын белгилешкен.
“Карызды реструктуризациялоо – бул көп тармактуу талкууну жана макулдашууну талап кылган татаал жана узак процесс. Кээ бир кредиторлор бул маселени Париж клубу карашы керек деп билдиришкен”, — деп айтылат Финансы министрлигинин документинде.
Реструктуризация – бул болгон кредиттин шарттарын өзгөртүү. Кредиттик келишим күчүндө жана бардык маселелер аны чыгарган уюм тарабынан чечилет. Бул программа карызын төлөөдө кыйынчылыкка туш болгон карыз алуучунун финансылык абалын жакшыртууга багытталган.
Түштүк Корея менен сүйлөшүүлөрдүн алкагында Кыргызстан ушул жылдын май айынын аягында карыз болгон 10,26 млн доллар карызды алмаштыруу (конвертациялоо) тууралуу сөз болууда.
Мамлекеттик карызды экологиялык долбоорлорго алмаштыруу демилгесин президент Садыр Жапаров 2023-жылдын башында көтөргөн. Буга жооп катары республиканын Финансы министрлиги Германия, Франция, Түркия сыяктуу эки тараптуу кредиторлорго, ошондой эле Кытайдын Экспорт-импорттук банкына, Сауд өнүктүрүү фондуна, Абу-Даби өнүктүрүү фондуна, Кувейттин Араб экономикалык өнүгүү фондуна, Жапониянын Эл аралык кызматташтык банкына жана Даниянын өкмөтүнө сунуштарды жөнөтүп, аларды ишке ашыруу боюнча жигердүү иштеп жатат.
Кыргызстан Европа Биримдигинин Эл аралык кызматташтык боюнча комиссарына жашыл долбоорлор менен алмашуу аркылуу тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча сунуш жөнөттү.
Кошумчалай кетсек, 2024-жылдын 2-мартында Германиянын KfW өнүктүрүү банкына 15 млн евро карызды реструктуризациялоо өтүнүчү менен кат жөнөтүлгөн, анын ичинен 10 млн еврону “Карыз алмашуу IV - Турак жай программасына” сарптоо, ал эми 5 млн еврону Таласка перинаталдык борбор курууну пландоодо.
2022-жылы KfW Кыргызстандын 14,9 млн евро карызын кечүүгө макул болгон, ал аз камсыз үй-бүлөрлөргө мамлекеттик ипотеканы берүүгө жумшалган. Учурда KfWге болгон жалпы карыз 64,22 млн долларды түзөт.
“Учурда бир нече мамлекеттер менен жигердүү сүйлөшүүлөр болууда. Жакынкы келечекте макулдашууларга жетишебиз деген үмүттөбүз. Финансы министрлиги экологиялык, энергетикалык жана социалдык долбоорлорду кароого кредиторлорго жөнөттү. Долбоордун көлөмүн жана тандоо маселесин кредиторлор чечет. Конкреттүү макулдашууларга жетишилгенден кийин кредитор-өлкөлөр, реструктуризацияланган карыздын суммасы жана пландаштырылган долбоорлор тууралуу маалымат кошумча жарыяланат”, - деп билдирди "Акчабарга" Финансы министрлиги.
Учурда Кыргызстанда карызды алмаштыруу боюнча конкреттүү келишимдер жок. Анткен менен президент Садыр Жапаров быйыл июнь айында эки өлкө тышкы карыздын 120 млн долларын же 3%га жакынын кечүү боюнча алдын ала макулдашканын билдирген.